Абдыкалыков Жолдошбай

(Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзу, 2005-ж.)


    Кыргыз совет адабиятына 60-жылдардын башында акын жазуучулардын бир толкуну келип, алардын көбү ушул күнгө чейин жигердүү эмгектенишүүдө. Ошол акындар тобунун кыйла таланттуусу Жолдошбай Абдыкалыков болгон. Ал 40 жылга чукул чыгармачылык өмүр жолунда поэтикалык он беш, прозалык үч китеп чыгарды. Ал акындык менен катар журналисттиктин да эки тизгин бир чылбырын 35 жыл катар алып келгендигинин жандуу далили – акындын чейрек кылымдан ашуун “Кыргызстан пионери” гезитинде адабий кызматкерден баштап башкы редакторго чейинки байсалдуу сапарды басып өткөнү.

    Жолдошбай Абдыкалыковдун “Жылдызстан” аттуу биринчи ырлар жана поэмалар жыйнагы 1961-жылы жарык көрүп, андан соң “Бакыт гүлдөрү”, “Таштагым менин Таштагым”, “Түнкү серенада”, “Дүйүм дарак”, “Көз ирмем”, Жолдор деген поэтикалык китептери жарыкка чыкты. 1968-жылы жарыкка чыккан “Ак толкундар” жана “Жашоо бүтпөйт” аттуу татына поэмалары үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттыгына татыган. Жолдошбай Абдыкалыковдун бир топ ырлары чет тилдерге которулган, англис, болгар, немис тилдеринде чыккан. Ошондой эле Жолдошбай Абдыкалыков орус акындарынан А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтов, В.В.Маяковский жана украин классиги Т.Шевченконун ырларын кыргыз окуучуларына тартуулаган. Акын 1965-жылы СССР Жазуучулар, 1967-жылы СССР Журналисттер Кошунуна мүчөлүккө кабыл алынган.

    Ж.Абдыкалыков он эки жылдан ашуун “Кыргызстан пионери” газетасында үзгүлтүксүз жана жигердүү иштегени жогору бааланып, республикабыздын илим-билим жана маданият министрлигинин “Эл агартуунун отличниги” деген төш белгиси ыйгарылган. Ошондой эле кыргыз адабияты менен журналистикадагы чоң эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” деген ардактуу наам ыйгарылуу менен Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардактуу грамотасы менен сыйланган. Ал Кыргыз Республикасынын Жазуучулар кошунун башкармалыгына бир нече ирет мүчө болуп шайланган.

    Жолдошбай Абдыкалыков чыгармачыл мыкты инсан болуу менен жакшына жар жана эки уул, эки кыздын таалимчил атасы да болуп, алардын баарына жогорку билим берип, өз убагында ар бирин үйлөнтүп, уясынан учуруп чыгууга көп күч-кубатын жумшады. Кыргыздын мыкты акындарынын биринен болгон Ж.Абдыкалыков быйыл, т.а. 2005-жылы көзү тирүү болсо 70ке чыкмак. Бирок акындын артында калдайган калың журту, бир канча чыгармалары, төрт баласы калды. Демек анын өмүрү чыгармаларында улантылууда. Уул, кыздары атасынын чыгармачылык жарык шамын жандырып, бүгүн, а кишинин 70 жылдыгына карата бир томдук “Тандалмалар” жыйнагын, 40 мүнөттүк документалдык фильмин жана Ж.Абдыкалыковдун сөзүнө жазылган музыкалык дискин чыгарышты. Булар менен катар акын туулуп өскөн Таштак айлында бир көчөгө ысымы ыйгарылып, Бишкектеги жашаган үйүндө мемориалдык тактайча орнотулду. Чейрек кылымга чукул чыгармачылык жана адамдык өмүрүн өткөзгөн борборубуз Бишкек шаарынан дагы бир көчөгө Жолдошбай Абдыкалыковдун атын атоого шаардын мэриясына Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу өтүнүч менен кайрылды. Бул да оң чечилип калаар деген ойдобуз.

    Ошону менен бирге акындын атын түбөлүккө калтыруу максатында, аталган чыгармачыл уюм жаш акындардын арасында изденип алуу үчүн Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыкты негиздеди.

    Акынга каалоолорду төмөнкү дарекке жиберсеңер болот.
    720301, Бишкек шаары, Чүй проспектиси № 114, 4 кабат, 404 бөлмө.
    Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзу
    2005-ж.



Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ