АЖЫГУЛ ЧОҢ АТАБЫЗ
(Бешбала)

Өмүр баяны


    Санжыра изилдөөчү Жангазы Акматовдун «Бабалар баяны, же урпакка кеткен татаал жол» аттуу 2013-жылы жарык көргөн китебинин Тоңдук бешбалалар аталган бөлүмүндө чоң атабыз Коңурбай уулу Ажыгул жөнүндө Казы ажынын уулу Аршидиндин эскерүүсүн окуп отуруп чоң атабыздын өз оозунан уккан, бул кишинин турмушундагы татаал жолун, жасаган иштерин балдарына, небере чөбөрөлөрүнө калтырып кетели деп чечтик.

    Чоң атабыз Ажыгул 20 кылымдын башында Тоң районунун Көк–Сай айылында төрөлгөн экен. Кыргыз элине кайгылуу жылдардын дагы бири болгон 1916-жылдагы үркүндө атасы Коңурбай, энеси Сыяда, карындашы Аныйпа жана бир тууган иниси Алыкул болуп, жалпы айылдаштары, тууган туушкандары менен Кытайдын Үч-Турпан деген жерине көрбөгөн кыйынчылыктар менен жөө жалаңдашып калган малдары менен келип туруп калышат. Бабабыз Коңурбай үркүндө Бедел ашуусуна жетпей Сары Жазда каза болуптур. Үркүн убагында чоң атабыз Ажыгул эр жетип ата энесине жардам берип калган жашта экен, Сияда энебиз бул кыйынчылыкта балдарынын келечегин ойлоп балдарына ошол жердеги уйгурлардан алардын тери иштеткен, булгаары жасап, акиташ өчүргөн өнөрлөрүн үйрөткөнгө чоң салымын кошуп, кийин кайра өз эл жерине балдарын алып келиптир. Жан дүйнөгө көз салуу, жакындарына туура мамиле жосоо, ыймандуу болуу деген турмуштун түшүнүгүн ошол бабаларыбыз өзүнүн жашоосу, адамдарга кылган мамилеси, берген тарбиясы аркылуу балдарын чоңойтсо керек деп ойлоймун. Сыяда энебиз 1962-жылдары каза болуптур.

    Чоң атабыз, Сыяда энебиз, бир тууган карындашы Аныйпа, иниси Алыкул болуп үркүндөн кайтып келгенден кийин Көк-Сайда тери иштетип, өтүк, маазы тигип малын багып жашап калат. Бул жерде Төрт-Күл айылынын кызы Упа чоң энебизге үйлөнүп Кадыркул төрөлөт. Упа чоң энебиз экинчи жолку төрөттөн каза болуп калат. Чоң атабыздын экинчи аялы Аныйпа энебиз Ат-Башыдагы Касымбек манаптын кызы болгон экен. Совет бийлиги орногондо эл башкарып, оокаттуу турган жарандарды эл душманы деп, ошолордун ичинде чоң тай атабызды кулакка тарта баштаганда энебиз Ысык-Көл жакка көчүп келиптир. Аныйпа энебизден Эсенкан, Эсенбек деген уулдары жана Бубукан деген кызы төрөлгөн. Бул жерден айтып кетиш керек, Ажыгул чоң атабыз Кыйсабек жана Тынымсейит деген эки уулдарын, Турганбүбү деген кызын өз балдарым деп жаздырып багып алыптыр. Кыйсабекти чоң атабыздын карындашы Аныйпа, Семиз-Белдеги Туура-Суу айлында жашаган Кемелбек деген кишиге турмушка чыгып төрөгөн экен, а Турганбүбү менен Тынымсейит Ат-Башылык Мокодой деген туугандаш кишинин балдары болгон.

    Чоң атабыз совет бийлиги орношкондон кийин «ликбез» долбоору менен окуган экен, жана латын тамгалары менен жазганды билчү, бул тамгадагы китептерди колуна алуудан мурун дааратын алып андан кийин окучу, бул кадам ошол учурдагы биздин ата бабалардын китепке болгон сый урматы деп ойлоймун. Улуу Ата Мекендик согушта чоң атабыз Ажыгулду брон менен согуш талаасына алган эмес экен, себеби тылда дагы тери иштетип согуш талаасына жана элге иштетилген терилер керек болгон. Көк–Сайдын сазында азыркы убакта деле Ажыгулдун кудугу деген жер бар. Бул кудукка ири мүйүздүү малдардын, жылкылардын терилерин чөктүрүп салып, ошол жерден жыдытып теринин сыртындагы кылдарды түшүрүп андан кийин байбечеси экөө үйгө көтөрүп келип аларды колго ийлешип, ыштап булгары жасашчу экен. Келиндер чоң атабыздын өз атынан аташпай «зоотчу аке» деп тергеп калышыптыр. Чоң атабыздын бир тууган иниси Алыкул атабыз Тоң райондук УНКВДда кызматкер болуп кызмат кылган. Алыкул атабыздын байбичеси Уруйла энебиз Жантай хандын Ак Мөөр энебиздин Мунайтпас деген уулунун кызы болгон экен. Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылы чакырылып 1944-жылы дайынсыз болуптур. Алыкул атабыздан Асанкан, Өмүркан деген балдары болгон.

    Чоң атабыз Кольцовкага (азыркы Боконбаево) согуш алдында көчүп келип, ошол жерде там салып даярдоо конторунда даярдоочу болуп жана кушкананы иштетип, кийин пенсия убагында базарком болуп иштеген. Өзү теңдүү Акун, Жумагазы, Касымакун аттуу теңтуштары менен тери иштетип хром өтүк, маазы тигип, бош убагында тогуз коргоол ойноп оокат кылган экен. Чоң атабыз беш маал намазын окуп, орозо кармаган оор басырыктуу, ак менен караны, адал менен арамды айырмалай билген, бир сүйлөгөн адам болгон. Кыргыз элинде адал эмгек абийир таптырат деген лакап бар, анысы карындай чоң атабыз өзүнүн адал, ак эмгеги менен бул жалган дүйнөдө жашоосун өткөрүп, бала бакыраларын жогорку билимдүү кылып, элге аралаштырып, туугандардын, теңтуш жоролорунун арасында сыйлуу, барктуу инсандарды чоңойтту деп ойлойбуз. Чоң атабыздын элге жана элдин ал кишиге кылган мамилеси, сыйы жөнүндө Аршидин абабыздын жогорудагы аталган китептеги бир эскерүүсү эле кандай адам болгонун көрсөтүп турат. (Аршидиндин эскерүүсүнөн: - Кольцовканын ылдыйкы четинде атаң Казы ажы менен жакшы тууган Ажыгул деген, орто жаштагы устачылык жасаган оокатуу адам бар, ошол тууганыңа барсаң, анан туугандар менен жашооң акырындап илгерилейт деп кеңеш берди, баккан атам.
    Өтө терең санаага түшүп кетип, анан эсиме келдим. Чын эле мен беш бала турбаймынбы, эми мен туугандарымды табайын, - деп Ажыгул абанын үйүнө бардым. - И балам, кайдан келе жатасың деп, чыканактап эс алып жаткан ордунан туруп:

    - Аныйпа байбиче мобул балага чай куйчу, чоочун бала окшойт деди. - Мен Жуманын баласы экенимди, ал киши мени кичинекейимден багып алганын, ал кишинин аялы менин таяэжемдин да каза болгонун, менин өз атамдын аты Казы ажы, атым Аршидин экенин айттым. - Ажыгул аба ордунан тура калып, мени бек кучактап, өпкүлөп, ыйлап да жиберди:

    - Асылдан калган туягым, ажымдан калган перзентим деп, көпкө чейин утур карап коюп, анан бир маалда - кат кабарсыз дайныңды билгизбей, көп убакыт дайынсыз болуп калдың, бул сен жашаган айылды “Көкүм-Ырыскул” дешет, булар кыдык уруусуна киришет. Ошол сен жашаган көкүмдүн ичинен Маананын Жумасы багып чоңойтуп, ошо кишинин баласы да кайтыш болуптур, баккан энеси да өлгөн, ал баланын уругу беш бала экен, өз туугандары бул жакта жок, куран окуй турган үй жай жок деп, көкүмдөрдөн сенин жаман атыңды угуп капа болуп жүрсөм, бир күнү беш-алты абышка келип биздикине аттан түшүп:

    - Ажыгул куда силердин айтылуу Казы ажынын кичүү баласын Жума асырап алган деп, - айтып кетишти. Эми балам аман-эсен келипсиң, биздин үйгө бир аз күнү эс алып, анан туугандарыңа барасың, алар Жети-Өгүз, Покровка, Оргочор, Ырдык деген айылдарда, буюрса табышасың деп кеп салды чай ичип отуруп.

    Эртеси бир борукту түлөөгө союп, баягы абышкаларды чакырып, батасын алып, мени туугандарыма колума кичине акча берип, бир сыйра жеңилирээк кийим кийгизип, жогору жакка каттаган ачык машинага салып жиберди. Менден салам дуба айта бар деп Ажыгул аба аманат сөзүн айтып кала берди. Жүк ташыган машина менен Покровка айылына түшүп калдым.
    Ар кайсы жумуштарда иштеп он жылдан ашыгыраак Покровкада туруп, 1958-жылы Тоңдук туугандарга алты балалуу болгондо көчүп келип, жашоом өз нугу менен улана берди. Мени туугандарыма кошуп табыштырган Ажыгул карыя Тоң даярдоо конторасынын убойный пунктунда сойгуч болуп иштейт экен. Бир күнү мени үй-бүлөм менен өрлүктөп чакырып, сый тамагын берип, анан мага кеңеш катары кеп салды:

    - Аршидин балам, сен эмне иштейин деп ойлонуп жатасың деп сурады. - Үй салып бүтсөм анан көрөбүз дедим. Балам мен сага кеңеш катары айтаарым мобул кушкана убойный пункт мага оорураак болуп калды, ушул кушкананы сен алып иштегин. Мал сойсоң өзүң сатып келип соесуң, мен даярдоо конторунун директоруна айтып туруп штатка убойшик болуп иштөөгө чечим чыгартып берейин, макулсунбу, - деп сурады. Мен макулдугумду бердим. Биринчи күнү мени директорго табыштап, тааныштырып, арызыма кол коюп буйрук чыгартты.)

    Чоң атабыздын башынан өткөргөн турмушу, балдарына берген тарбиясы, тууган туушкандарына жасаган сый урматы бизге калтырган АДАМ ОЮНУН АКЫЛ ЭСИНИН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ деп ойлоймун.

    Жанбала баласы Коңурбай уулу Ажыгул чоң атабыздын көзү барда 5 уул, 2 кызынан: 29-неберелери, 41-чөбөрөлөрү болгон жана 1993–жылы 2- январда 95 жашында байбичеси Аныйпадан 3 айдан кийин каза болот, ушул артында калган тукумдары, тууган туушкандары тике турушуп жаназасын окутушуп узатышкан, жаткан жери жайлуу, топурагы торко, жанаты бейиште болсун деп кудайдан суранабыз.

    2020-(коронавирус) жылынын май айы.
    Ажыгулов Кадыркулдун уулдары Үсөнбек, Асылбек.



Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ